• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстандык төрт тасма Башкортостандагы эл аралык фестивалга катышат

24 Теке 201911:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.

Башкортостанда өтө турган «Күмүш Акбузат» эл аралык фестивалына Кыргызстандык төрт тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестиваль 24-27-август күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтөт. Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан эки оюн жана эки даректүү тасма ат салышат. Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы (Россия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, аталган фестивалга 10 өлкөдөн 48 тасма катышат.

Количество просмотров: 12