• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандыктар алдыдагы үч күн бою эс алат

19 Бугу 2020 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандыктар алдыдагы 23, 24, 25-май күндөрү үч күн бою эс алат.

“Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, мусулмандардын Орозо жана Курман айт майрамдары, 7-январь — Православдардын Рождество майрамы дем алыш күнгө туш келип калса, ал майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат”, — деп айтылат маалыматта.

Бул беш күндүк иш тартибинде иштеген мекемелерге тиешелүү. Ал эми алты күндүк иш тартибинде иштегендерди жетекчилиги шартка ылайык эс алдыруу жолдорун карашат.

Эске салсак, келе жаткан жекшемби, 24-май күнү, Орозо айт майрамы болуп белгиленди.

Количество просмотров: 91