Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Курман айтта Кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышы мүмкүн. Буга байланыштуу Министрлик муфтияттын чечимин күтүүдө.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эгер Курман айт дем алыш күнгө туш келсе, Эмгек кодекси боюнча эс алуу кийинки иш күндөрүнө туура келет.
Ал эми буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт 10 же 11-августка (ишемби же жекшемби) туура келерин маалымдаган. Эгер мындай боло турган болсо, дүйшөмбү, 12-август дагы эс алуу күнү болмокчу.
Андан тышкары, 31-август да ишемби күнгө дал келет. Бирок министрлик быйыл бул күн дүйшөмбүгө жылбай турганын айткан. Себеби 4-январдагы эс алуу ушул күндүн эсебинен болгонун белгиледи.