Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 23-ноябрдан 1-декабрга чейин Анталья шаарында өткөн. Ага 63 өлкөнүн спортчулары катышкан. 57 килограмм салмакта күч сынашкан Авазбек Аманбеков финалдык беттеште атаандашы түркмөнстандык мушкер Пыгы Салыбовду утуп, алтын медалга ээ болду.
Кошумчалай кетсек, чемпионатка Кыргызстандын курама командасынан тогуз спортчу барып, анын ичинен Рустам Ибрагимов 60 килограмм салмактагылар арасында үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.