• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорт менен уча алышат

31 Бугу 202417:00 Бишкек Govori.TV

Эми кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорттор менен уча алышат. Бул тууралуу «Манас» эл арлык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

«Урматтуу «Манас» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрү! Эми санарип ID паспорт менен Кыргызстандын ички каттамдарында учууга болот. Ички каттамдардын жүргүнчүлөрү Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көрсөтүү менен тоскоолдуксуз уча алышат. Ошондуктан, эгер паспортуңузду унутуп калсаңыз, тынсызданбаңыз, Tunduk сизге жардамга келет! Google Play жана App Store`дон Tunduk тиркемесин көчүрүп алңыз», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы токтомуна ылайык, Кыргызстанда электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болгон.

Количество просмотров: 134