• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Кыргызстандыктар ойнобойт». Жапаров кумарканаларды кайра ачуу тууралуу пикирин айтты

29 Жалган куран 2022 14:38 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканаларды кайрадан ачылышы тууралуу өз пикирин билдирди.

«Биз жакшы жагын карап жатабыз. Ошол эле Арменияга, Казакстанга жана бизге Орусиядан айтишниктер келип иштейбиз деп жатат. Аларга виза берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүп, фирмасын үч саатын ичинде ачкандай шарт түзүп, ушундай тармактарды баарын карап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө Ош шаарына келген конокторго биздин меймандос экенибиз аябай жагып жатыптыр. Биз алардын баарына шарт түзүп беребиз. Кумарканаларда кыргызстандыктар ойнобойт. Эгерде бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо ошол кумаркананын лицензиясы алынат. Малайзияда дагы кумаркана бар. Ал ислам өлкөсү болуп эсептелет. 2001-жылы кумарканалардан 630 миллион сом түшкөн, бул жолу мындан эки-үч эсе каражат көп түшөт деп жатабыз”, -деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн «Ынтымак» эс алуу багында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка дин уюмдарынын өкүлдөрү көчөттөрдү отургузду. Бул иш чарага Акылбек Жапаров да катышты.

Количество просмотров: 275