• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандыктардын куржунунда дагы эки медаль

13 Тогуздун айы 2018 13:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.10.2018.Govori.TV
Аргентинада өтүп жаткан Жаштар олимпиадасында Кыргызстандык спортчулар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Балбан Элмирбек Садыров өлкөнүн куржунун дагы бир медаль менен толуктады. Бул тууралуу маалымат расмий сайтка жарыяланды.
Элмирбек Садыров баардык атааңдаштарын жеңүү менен башкы байгени илип кетсе, Султан Жеңишбеков дзюдо боюнча тобу менен үчүнчү орун үчүн күмүш байгени камсыздашкан. Буга чейин, дзюдо балбаны Султан Жеңишбеков коло медаль тагынып, бирок ал өлкөнүн байге куржунуна салынган эмес.
Эске сала кетсек, Жаштардын олимпиадасы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрдан бери өткөрүлүп келе жатат. Таймаш 18-октябрь күнү расмий жыйынтыкталат.
Количество просмотров: 33