• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын 2021-жылга карата бюджети бекитилди

4 Үчтүн айы 202117:29 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Республикалык бюджеттин 2021-жылга карата долбоору жана 2022-2023-жылдарга карата болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн. сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн. сом суммасында белгиленди.

Количество просмотров: 263