• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандын 3 шаары жана 13 айылында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө

10 Чын куран 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2022-жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облусунун 3 шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 8.00дө Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда 84 шайлоо участогу ачылды.

Бардыгы 336 депутат шайланыш керек, 1318 талапкер мандат үчүн ат салышууда.

3 шаардык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.

13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган.

13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер.

Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтар менен шайлоочу тиешелүү плакаттар жайгаштырылган өз шайлоо участогунда, ошондой эле БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан таанышса болот.

Шайлоочулардын алпы саны 157 958ди түздү.

Добуш берүү саат 20:00гө чейин өтөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна өзү келүүгө тийиш.

Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун төмөнкүчө билсе болот:

— 1255 же 119 кыска номурларына телефон чалып,

— «tizme.gov.kg» сайтынан,

— Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Шайлоо өтүп жаткан шаардык жана айылдык кеңештер:

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши;

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши;

Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши;

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши;

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши;

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши;

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши;

Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши;

Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши;

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери;

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши;

Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши;

Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши;

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши;

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.

БШК жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.

Количество просмотров: 89