Орусиянын Мамлекеттик Думасында депутаттарынын тобу россиялык айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде айдоочуларга транспорттук каражатта ишкердик жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун палатага сунуштоодо. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, долбоордун түшүндүрмөсүндө айдоочу болуп иштөөгө бир гана орусиянын күбөлүгү барларга уруксат берилери каралган.
“Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясында Кыргызстандын жана орус тили расмий тил болуп саналган башка өлкөлөрдүн жарандарына Орусия аймагында такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берилген. Мыйзам долбоорунун авторлору бул ченемди мыйзамдан алып салууну сунушташууда.
Авторлор белгилегендей, Орусияда акыркы жылдары чет өлкөлүк күбөлүгү бар айдоочулардын күнөөсү менен жол кырсыктары боюнча жагымсыз жагдай түзүлүп келген.
«ИИМдин дагы бир маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын көбү Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Азербайжандын жарандарынын айынан болот”, — деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.