• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын аймагынан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштурган жарандар аныкталды

11 Жетинин айы 2020 11:08 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы тарабынан Кыргызстандын аймагынан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштурган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“Жумушка орноштурган жеке компаниялардын биринин кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна уруксаты жок болуп, КР жарандарынын Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз кетүүлөрүн уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүп келишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жоруктар жөнүндө кодекстин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча каттоого алынып, жумушка орноштуруу агенттигинин жетекчиси Ж.А. аттуу жаранга шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилген.

Жакын арада топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 62