• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кыргызстандын аймагында 681 жол эрежесин бузуу аныкталды

2 Үчтүн айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 31-декабрда 681 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Алардын ичинен:

— айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашыкча башкаргандыгы үчүн — 64;

— жазалма айдоочулук күбөлүктөр менен унаа башкаргандыгы үчүн – 15;

— тиешелүү документтер жок унаа башкаргандыгы үчүн — 19;

— мамлекеттик номерлер жок унаа башкаргандыгы үчүн – 4;

— автоээнбаштык – 2;

— транспорт каражаттарын каттоо эрежесин бузуу – 19;

— жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 93;

— транспорт каражаттарынын түзүлүшүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү – 3;

— жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 208;

— балдарды ташуу эрежесин бузуу – 19;

— унаа каражаттарын жолдун каршы тилкеси менен башкаргандыгы үчүн – 3;

— айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 4;

— мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 29;

— унаа токтотуучу жайга токтотулду – 69.

Количество просмотров: 124