• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандын аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

19 Жалган куран 2023 18:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-21-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Количество просмотров: 3540