• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Акелең Кускаков көз жумду

2 Теке 2020 9:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру Акелең Кускаков 1-июлда катуу оорудан кийин каза болду.

Ал Ташкенттеги Н.Островский атындагы көркөм театр институтунун киноактер бөлүмүн, Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун режиссердук курсун бүтүргөн.

1991-2011-жылдары Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында режиссер-коюучу, 2011-2016-жылдары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. 2016-жылдан кайрадан эмгек жолун Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында уланткан.

Кускаков Ж. Кулманбетовдун “Манас, Манас болгону”, М. Байжиевдин “Алтынчы күнү кечинде”, А.Чекировдун “Кызыл профессор”, Д.Сариевдин “Кайран эл” сыяктуу бир катар спектакдерди койгон.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген артисти, Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

Акелең Кускаков 1951-жылы 20-декабрда Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган.

Количество просмотров: 132