Кыргызстандын энергетика тармагына реформа жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өткөн маалымат жыйында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө энергетика тармагына тиешелүү бардык ишканалар бириктирилип, эки ири компанияга айланат.
«Мындан 21 жыл мурда энергетика тармагында реформа кылабыз деген жүйө менен компанияларды бириндетип салышкан. Мындай жол менен ошол убакта тармакты алсыздандырып, бара-бара менчиктештирип алууну көздөшкөн.
Биз баарын бириктирип, кайра күчтөндүрөбүз. Ишканаларды реформалоо менен 1 миллиард сом үнөмдөлөт. Ишканалар бириктирилгени менен аларда иштеген бир дагы кызматкер ишсиз калбайт»,-деди ал.