• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандын энергетикалык системасына 85 жыл!

19 Жетинин айы 2019 14:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын энергетикалык системасына 85 жыл толгонуна байланыштуу Давыдов атындагы «Ала-Арча» көмөк чордонунда Кыргызстандын энергетикасынын ардагерлери республиканын энергетика тармагынын өнүгүүсүнүн өңүтү, келечектери менен ой бөлүштү. Кыргызстандын эмгек сиңирген энергетиги Болотбек Иманалиевдин айтымында, өлкөгө келген инвестицияны энергетика тармагына жумшоо керек.

«СССР убагында Кыргызстанда энергетика тармагы абдан өнүккөн. Бүгүнкү күндө солгундап калганы байкалат. Бирок жылыш бар. Өндүрүштө энергетика болбосо эч өнүгүү болбойт. Ошондуктан энергетикага көңүл буруп, жаңы электр станцияларын куруу керек»,-деп билдирди Болотбек Иманалиев.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда 53 көмөк чордону оңдоп-түзөөдөн өтүп, 35-40 % га авариялык абалдар кыскартылды. Бул тууралуу Чүй облусунун жогорку чыңалуу электр тармактары боюнча ишканасынын директору Таалайбек Ибраев бүгүнкү саамалыктын алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, реконструкциялоо иштери күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында жүрүп, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга жана маал-маалы менен өчүрүүлөрдү алын алууга шарт түзөт.

Ал эми Давыдов атындагы «Ала-Арча» көмөкчү чордону 2000-жылы иштей баштаган. Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүнүн керектөөчүлөрүн электр менен жабдууну жакшыртууга мүмкүнчүлк берет. Көмөкчү чордон аркылуу жүктөм максимум болгон сааттарда 300-350 МВт кубаттуулук берилет, Бул Бишкек энергетикалык түйүнүнүн керектөөсүнүн 30%дан ашыгын түзөт»,-деп Ибраев.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн энергетикалык тармагында 16 миң 350 адам эмгектенет. Кыргызстандын аймагында 16 ири жана чакан гидроэлектростанция жана Бишкек, Ош шаарларында 2 жылуулук борборлору иштейт.

Количество просмотров: 93