Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө
турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына Түркияда даярданат.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, өлкөнүн курама командасы 5-сентябрда Ирандын, 10-сентябрда Өзбекстандын спортчулары менен беттешет.
Бул беттештерге даярдануу максатында курама команда 23-августтан тартып Түркиянын
Стамбул шаарында окуу-машыгуу өткөрөт. Андан кийин 2-сентябрда Иранга бет алат.