• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстандын футбол курамасы FIFA рейтингинде үч позицияга көтөрүлдү

24 Тогуздун айы 201917:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде үч позицияга көтөрүлүп, 94-орунга чыкты. Аталган рейтинг бүгүн, 24-октябрда, жаңыланды.

Белгилей кетсек, бул айда кыргызстандык футболчулар 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында эки ирет жеңишке жетти.

«Ак шумкарлар» Бишкекте өткөн оюнда Мьянма командасын 7:0 эсебинде утуп, андан соң Улан-Батордо монголиялык атаандаштарын 2:1 менен артта калтырган.

Кыргызстандын футболчулары бул айда мурдагыдан 15 упай көбүрөөк алып, жалпысынан 1 252 упай топтой алды.

Буга чейин команда былтыркы жылдын апрель айында эң жогорку көрсөткүчкө (75-орун) жеткен.

Количество просмотров: 79