• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

25 Жетинин айы 202118:25 Бишкек Govori.TV

25-ноябрда «Ала-Арча» көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын гимнинин автору, Кыргызстандын эл мугалими, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлери, Кулуевдин жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын.өкүлдөрү катышты.

Количество просмотров: 215