Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышат
25 Тогуздун айы 202422:20 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Албаниянын Тирана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 28-31-октябрь күндөрү өтөт.
Грек-рим күрөшү курама команданын тизмеси:
- 55 кг Улан Муратбек уулу;
- 63 кг Дастан Кадыров;
- 72 кг Ийгилик Сатымкул уулу;
- 82 кг Азат Салидинов;
- Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев улук машыктыруучулар;
- Азат Эркинбаев башкы машыктыруучу.
Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:
- 61 кг Тайырбек Жумашбек уулу;
- 70 кг Алибек Осмонов;
- Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков улук машыктыруучулар;
- Руслан Маджинов башкы машыктыруучу.
Подписаться:
Количество просмотров: 225