• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандын ичиндеги авиакаттам кооптубу? 

22 Үчтүн айы 2019 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 18-январында “Эйр Манас” ички авиакаттамы учпай калган. Авиабилеттер алдын-ала сатылгандыктан, жүргүнчүлөрдүн арасында бир ай мурда алгандары дагы болгон. А бирок, учактын учпай калышы тууралуу жүргүнчүлөр аэропорткко келгенде гана билишкен. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов айтты.С

Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу учактын учпай калганын айтты. Самолеттун бузулганы учаар алдында белгилүү болгонуна байланыштуу, жүргүнчүлөргө алдын-ала эскертүү үчүн убакыт жетишсиз болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Джураев каттам жылдырылганына байланыштуу, башка компаниянын учагы менен учурушу керек эле. Мындан сырткары компенсация дагы төлөнүшү керек. Өкмөт тезинен чара көрбөсө мындай жооруктар кайталана берет дейт.

Өкмөт ички каттамдын абалын жакшыртуу максатында кошумча 2 учак алууну көздөп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 16