• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын ИИМнин пенсионери Россияда бир чемодан толо акча менен кармалды

29 Теке 2020 13:22 Бишкек Govori.TV

Россиянын салык кызматы жана Федералдык коопсуздук кызматы Екатеринбургдагы  Кольцово аэропортунан Кыргызстандын жаранын жана орусиялык аялды бир чемодан акча менен кармашты. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазды.

Белгилүү болгондой чемодандын ичинде 79 миллиондой рубль акча бар болгон. Алар 27-июль күнү Бишкекке учуп кетүүнү көздөшкөн. Басылманын маалыматында, эркек киши Кыргызстандын ИИМнин пенсионери болуп саналат. Ал жана анын шериги ушунчалык көп акчаны кайдан алганын түшүндүрө алышкан жок.

Аларга карата протокол толтурулуп, “Россия Федерациясынын валюта мыйзамдарын бузуу” беренеси боюнча административдик иш козголду. Алынган акчаны өлкөнүн бюджетине түшүрүү пландалууда

Количество просмотров: 8696