• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргызстандын кайсы президенттери БУУнун трибунасына чыккан

24 Аяк оона 2018 16:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгону дүйнөлүк ар кандай уюмдарга мүчө болду. Алардын бири 200гө жакын мамлекеттен турган БУУ бирикмеси.
Ар жыл сайын бул уюм тарабынан уюштурулган башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарына кыргыз ажолору биринчи жолу качан катышкан.
Алгачкы, өлкө президенти Аскар Акаев 2002-жылы 57-сессиясына катышып бирикменин өсүп-өнүгүүсүнө Кыргызстан өз салымын кошоорун айткан.
Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев дебаттарга барган эмес.
Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 65-сессияга катышкан, анда ал кыргыз элинин алдыдагы шайлоосу ак жана таза өткөрүп алуусу үчүн БУУнун көмөгү керектигин кошумчалап өткөн. Ал эми азыркы учурда экс-президент Отунбаева БУУнун атайын ыйгарымдуу өкулү болуп саналат.
Ал эми Атамбаев биринчи жолку катыша турчу сессияга кетип бара жаткан жеринен кайткан. Ал ден-соолугуна байланыштуу Туркияда даарыланып калдым, деп актанган. Андан кийинки 72-сессияга катышып БУУнун трибунасынан глобалдуу маселерди көтөрбөй, Казакстандын президентине бир асылганы бар.
Азыркы ажобуз Сооронбай Жээнбеков эмне деп айтып, кандай маанайда келээри жакынкы арада белгилүү болот. Жээнбеков Бириккен Уллутар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышууга Нью-Йоркто жүрөт.

 

Теги:
Количество просмотров: 25