• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандын калкынын 71,2 пайызынын коронавируска каршы антителасы бар

25 Кулжа 202114:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын калкынын 71,2 пайызынын коронавируска каршы антителасы бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Анын айтымында, бул оорунун өсүшү азайышы керек дегенден кабар бербейт.

«Калктын 28 пайызында антитела жок, бул болжол менен 1 млн 800 миң адамды түзөт. Биздин маалыматтар боюнча, коронавирус жуккандардын 50 пайызында оору симптомсуз өтөт. Ошентип антителасы жок жарандарды экиге бөлгөндө — 900 миң калк болот. Бүгүнкү күндө алар бир убакытта илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Элдер той өткөрүп, коомдук унааларда тыгылып жүрүшөт, мында коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору», — дейт ал.

Количество просмотров: 119