• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандын карызы төрт айда 16 млн. долларга көбөйдү

7 Бештин айы 201814:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.12.2018.Govori.TV.
Ноябрь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 427,11 млн. АКШ долларын түздү. Бул июнь айындагы көрсөткүчтөн 16 млн. долларга көп. Анын басымдуу бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Финансы министрлиги 7-декабарда тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд. 860 млн. доллардан ашат. Мамлекеттик ички карыз 620,21 млн. доллар деп көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, төрт айда ички да, сырткы да карыз көбөйгөн.
Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 млрд. долларга жакын сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 44% жакынын түзөт.
2018-жылдын сентябрында мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 3,3 млрд сомго жакын акча бөлүндү.
Количество просмотров: 30