• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандын Кытайдагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Канайым Бактыгулова сунушталууда

11 Үчтүн айы 2019 12:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын Кытайдагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына ТИМдин кытай боюнча адиси Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөтүштү.

Маалыматка караганда, анын талапкерлиги эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда каралат.

Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдар аралыгында КЭР менен Монголияда Кыргызстандын элчиси кызматын бир убакта аркалаган.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматта Азамат Үсөнов иштеген. Былтыркы жылдын декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ал кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 8