• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргызстандын муфтийин шайлай турган күн такталды

28 Бугу 2021 9:21 Бишкек Govori.TV

Аалымдар кеңеши 27-майдагы отурумда Кыргызстандын муфтийин шайлай турган күндү такташты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17-протоколук жыйыны өткөрүлүп, өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайын 26-июнь күнгө жылдыруу, каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алган.

Кыргызстандагы мусулмандардын 26-июнда өтө труган курултайында аалымдар кеңешинин 7-чакырылышынын мүчөлөрү, борбордук ревизиялык комиссиянын төрагасы да шайланат.

Алгач VII курултай апрелдин башында өтө турган болгон. Кийин кайра май айынын аягына жылдырылган. Эми 3-ирет 26-июнга белгиленди.

Теги:
Количество просмотров: 69