• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын өнүгүп бара жатканына Евробиримдик да кубанат

9 Бештин айы 202414:55 Бишкек Govori.TV

 КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакаланын миссиясынын аякташына байланыштуу ага жолукту.    

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп жатканын, анын натыйжасында өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү өскөнүн, эл аралык делген масштабдуу “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу сыяктуу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып, жүздөгөн өнөр жай жана социалдык объекттер ишке кирип, туңгуюк өлкөдөн өнүккөн транзиттик өлкөгө айланып жатканын билдирди.  

Акылбек Жапаров Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүн 2030-жылга карата 30 млрд долларга жеткирүү планы коюлганын, ал үчүн мамлекет башчысынын демилгеси болгон аймактын бүтүндүгүн  сактоо, элдердин биримдигин бекемдөө жана салык тармагындагы реформаларды ишке ашыруу коюлганын билдирип, бул багыттардагы пландарды ишке ашырууда Евробиримдик менен болгон кызматташуу маанилүү роль ойноорун белгиледи.   

Өз кезегинде Тери Хакала өзүнүн үч жылдык миссиясы учурунда бир топ иштер аткарылганын, Борбор Азияда анын ичинде Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкө өнүгүү жолуна түшкөнү кубандыраарын, ошондой эле Евробиримдик Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин жана билим берүү, курулуш, инвестиция тармактарына өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

Количество просмотров: 130