• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде мушташ чыкты

26 Теке 20219:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында мушташ чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 24-июль күнү болгон. Анда 22 жаштагы жигит элчиликке таанышы менен документтерди жасоо үчүн келген. Анда кызматкер менен пикир келишпестик жаралып, уруш чыккан. Ал болжолдуу түрдө элчиликтин вице-консулунун экинчи катчысы болушу мүмкүн. Жигит элчиликтин кызматкерин бетке чапкан.

Учурда укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылды. Элчилик бул боюнча үн ката элек.

Количество просмотров: 1830