• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Москвадагы кыргыз элчилигинин алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат (Видео)

10 Баш оона 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Govori.TVга WhatsАpp-каналы аркылуу күбөлөр билдирип, видео жөнөтүштү. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган өлкөдөгү ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алууну талап кылып, нааразычылык акциясына чыккан.

Ал эми элчилик бул боюнча кийин маалымат бериле турганын кабарлады.

Белгилей кетсек, 2-августта Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда сатуучу кызды мас абалындагы жаран калькулятор менен чаап жиберген. Кийинчэреек белгилүү болгондой, ага сатуучу кыздын кыргызча сүйлөбөгөнү себеп болгон. Окуяны милиция териштирип, А. Алимбаев аттуу жаранды кармаган. Аталган окуя боюнча УКМК, Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени жана кимдир бирөөнү өңү-түсүнө, расасына, улутуна же карманган динине байланыштуу басмырлоого 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралганын белгилеген. Бул окуя боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да бул окуялар боюнча өз реакциясын билдирген.

Количество просмотров: 2142