Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот департаменти кагаз сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, А4 форматындагы 34,4 миң тара кагаз сатып алуу пландалган.
Ал эми Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн жана ички жөнөтүүчүлөргө льгота каралган. Жеткирүүлөр соттордун административдик имараттарына аткарылат.