• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кемпир-Абад» калсын… Өзгөндө тургундар жүрүшкө чыгышты

21 Тогуздун айы 202215:18 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы жөө жүрүш өтүп жатат. Бул тууралуу жүрүшкө катышып жаткан жергиликтүү тургундар кабарлашууда.

Маалыматтарга ылайык, Куршаб айылынан Өзгөндү көздөй 50дөн ашуун адам жөө жүрүш жасап жатышат. Алар «Кемпир-Абад биздики», «Кемпир-Абад калсын» деп кыйкырып жатышат.

Количество просмотров: 1455