Бишкек.08.11.2018.Govori.TV
Кыргызстандын Тажикстан Республикасы менен чектешкен аймагындагы блокпосттор жана унаа жолдору бекемделет.
8-ноябрга караган түнү аталган өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Кожент шаарындагы абактагы башаламандыктан улам камактагылар качып, чыгып такталбаган маалыматтарга караганда адамдар каза болгон.
Окуяга байланыштуу милициянын атайын бөлүктөрү тартылып, башаламандык токтотулган. Учурда окуянын чыгуу себептери иликтенүүдө.
Тажикстандын Өзбекстан жана Кыргызстан менен чектешкен аймактары катуу көзөмөлгө алынган.