Кыргызстандын «Жөө күлүк» тасмасы Минск эл аралык «Жалбырак» кинофестивалынын негизги бөлүмүнө тандалды. Аталган иш-чара 1-8-ноябрда Россиянын Минск шаарында боло турганын бүгүн, 23-октябрда Кинематография департаментинен билдиришти.
Бул фестиваль жыл сайын уюштурулат. КМШда, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияда, Чыгыш жана Борбордук Европада тартылган жаңы тасмалардын арасында сынак өтөт.
Бул жылкы кинофестивалда 50 өлкөдөн 154 сүрөт, негизги сынакта 12 тасма көрсөтүлөт. Анын ичинде кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы дагы бар. Ал тасма буга чейин Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалында «ФИПРЕССИ» уюмунун сыйлыгына татыктуу болгон.
Ал эми 10-октябрда «Жөө күлүк» тасмасынын режиссеру аны Германиядагы «Schlingel» деп аталган балдардын эл аралык фестивалында көрсөткөн.
Булак: АКИ пресс.