• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстандын жараны башка паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган

12 Тогуздун айы 201913:20 Бишкек Govori.TV

 Кечээ, 11-октябрда «Баймак унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунун чек ара кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1985-жылы туулган С.Ф. аттуу жараны паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда чек ара кызматкерине Өзбекстандын 1986-жылы туулган И.И. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө паспорт жасалма болуп чыккан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 60