УКМКдан билдиришкендей, Кыргызстандын жасалма паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана башка документтерин колдонуп жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү («Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.
Тергөө тобу кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.