• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды

21 Теке 2023 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-июлда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик М.М. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жаран 20-июлда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 95