• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын ЖОЖдорунда 10 миңден ашуун мугалим эмгектенет

19 Аяк оона 2018 15:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018. Govori.TV.
Кыргызстандын ЖОЖдорунда 10 миңден ашуун окутуучу мугалим эмгектенет.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөдөгү жогорку окуу жайларда 10 миң 812 окутуучу билим берет. Алардын ичинен ар бир үчүнчүсү — илимдин доктору же кандидаты, ар бир бешинчи окутуучу — доцент наамдарын алышкан. Министрликтен жогорку окуу жайда даражалуу окутуучулар менен изилдөөчүлөрдүн концентрациясы ажырымдоо критерийлеринин бири болуп саналарын белгилешти. ЖОЖдордун рейтингин түзүүдө академиялык мобилдүүлүк, таланттуу студенттердин концентрациясы, илимий макалалардын атаандаштыгы ж.б. эске алынат.

 

Количество просмотров: 45