• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанга аткезчилик жол менен 2 млн. сомдук канаттуунун эти келген

10 Тогуздун айы 2018 11:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV

Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып келинген 2 миллион сомдук канаттуунун эти кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош-Ноокат жолунда “Ноокат” салмак-габариттик постунун алдында “ДАф” үлгүсүндөгү “Шерау” чиркегичи менен унаа текшерилген. Анда салмагы болжол менен 17 тонна болгон канаттуунун эти  салынган кутулар табылган. Алардын жанында эч кандай документтер болгон эмес.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу бөлүмүнүн маалыматына караганда, кармалган товардын баасы 2 миллион 210 миң сомдон ашканы.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иши башталды.

Количество просмотров: 15