• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстанга Австрия парламентинин башчысы келди

24 Кулжа 201913:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Кыргызстанга Австрия республикасынын парламентинин федералдык кеӊешинин президенти Инго Аппе расмий иш сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Инго Аппени «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров тосуп алды.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча эки тарап парламентер аралык кызматташтык, мыйзам чыгаруу айдыӊындагы мамлелердин келечеги туурасында сүйлөшөт.

Ал эми делегациянын курамы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде жана «Ата-бейит» мемориалдык комплексинде 1916-жылдын курмандыктарын эскерүү, гүлчамбар коюу иш чараларына катышат.

Количество просмотров: 12