• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Роналдиньо, Пуйоль… Кыргызстанга «Барселонанын» легендалары келет

11 Баш оона 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун легендарлуу экс-футболчулары жана Азия чөлкөмүнүн белгилүү футболчулары Бишкекке келет. Бул тууралуу «Барселона-Бишкек» клубу тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, келиши күтүлүп жаткан футболчулардын арасында «Барселона» клубунун мурдагы оюнчусу Роналдиньо, испаниялык легендарлуу футболчулардын бири, коргоочу Пуйоль жана белгилүү дарбазачы Савиола да бар.

«Барселонанын» мурдагы жылдыз оюнчулары достук беттеш өткөрүп, ага Азиянын белгилүү оюнчулары катышат. Ал эми бул иш-чара менен кошо КМШ аймагындагы «Барселона» футбол клубунун алгачкы академиясы да ачылмакчы.

Количество просмотров: 86