• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанга Беларусь менен Армениянын парламенттик делегациялары келишти

16 Жетинин айы 20239:25 Бишкек Govori.TV

Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялар Кыргызстанга келишти.

Сыйлуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Количество просмотров: 71