• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанга кандай башкаруу формасы керек? Президенттикке талапкерлердин жообу

28 Бештин айы 2020 22:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышып жатат.

«Кыргызстанга кандай башкаруу формасы керек?» деген суроого талапкерлер төмөндөгүдөй жооп берди.

Талапкер Канатбек Исаевдин айтымында,
өлкөгө парламенттик башкаруу формасы өтө маанилүү.

«2010-жылга чейин толук кандуу президенттик башкаруу болду, ал үй бүлөлүк кландык системага айланды. 2010-жылдан кийин парламенттик жана президенттик аралаш системаны кабыл алганыбыз менен, иш жүзүндө бардык маселени президенттер чечип келген. Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу формасы өтө маанилүү»-деди Исаев.

Талапкер  Адахан Мадумаров коом жоопкерчиликти кошо сезбесе, анда эч кандай система, түзүм жардам бере албайт деген пикирде.

«Коом кандай парламентти,кандай президентти шайлайт? Кеп ушунда. Биз жоопкерчиликти тең салмактуу көрүшүбүз керек»,-деди Мадумаров.

Дагы бир талапкер Бактыбек Калмаматов
маселе башкаруу системинде эмес, маселе 29 жылдан бери мамлекетте иштетилбей жаткан люстрацияда экенин айтты.

«Башкаруу системин талашуу — бул «орок менен орой албаган, орок тандайт» дегенге барабар. Маселе добуш сатууда жана добуш сатып алууда.  Мамлекетти президент да, өкмөт да, парламент да башкарган жок. Мамлекетти криминалдар, кландар, олигархтар башкарып жатат. Кандай гана башкаруу формасы болбосун,  олигархтардан, коррупционерлерден, криминалдан кутулбасак мамлекет өнүкпөйт»,-деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 159