Түркиянын Жаза аткаруу башкармалыгынын делегациясы Кыргызстанга келди. Бирок ал жерде болгон кырсыктан кийин мекенине кайтып кетишти. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы Жаза жана түрмөлөр боюнча башкы башкармалыктын, ошондой эле Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза өтөө мекемелеринин жана СИЗОлордун өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын беш өкүлүн кабыл алды.
ЖАК түрк дүйнөсүндөгү кесиптештери менен өз ара кызматташуусун активдүү өнүктүрүүдө.
Маселен, Башкы башкармалыктын Окуу борборунда ЖАКнын 20 кызматкери окуудан өтүп, кадрдык курамдын билимин жогорулатууга зор таасирин тийгизген. Ошондой эле 2022-жылдын август айында биздин өлкөнүн Жаза аткаруу тутумунун өкүлдөрү кызматтын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев жетектеген делегациясынын Анкарага болгон иш сапарынын, жетекчилик менен жолугушууларынын жүрүшүндө кесиптештеринин мыкты тажрыйбалары менен тааныша алышты. Башкы башкармалыктын жана Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин, Түркиянын борбор калаасынын Синджан районундагы түзөтүү мекемелеринин комплексине баруу, соттолгондорду түзөтүү жана тарбиялоо боюнча жатак абагынын ишмердүүлүгү менен таанышуу, алардын тажрыйбасы бар профессиялык-техникалык окуу, ошондой эле чарбалык объектилердин иши менен таанышышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ЖАК менен түрк тараптын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Эми ЖАКнын ишмердүүлүгү менен жеке таанышуу максатында Башкы башкармалыктын жетекчилигинин кызматтык иш сапары Бишкекке болду.
ЖАКнын имараты менен таанышуу учурунда Түркиядан келген коноктор Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар башкы башкармалыгынын ишин көрө алышты, анда кызматкерлер атайын мекемелерде болуп жаткан нерселердин бардыгын реалдуу убакыт режиминде видеокөзөмөл аркылуу көзөмөлдөп турушат.
Андан соң өнөктөштөрдүн кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү, ага ЖАКнын негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан онлайн форматта тартылган түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун жетекчилери катышты.
Жаза жана түрмөлөр боюнча башкы башкармалыктын башчысы Энис Явуз Йылдырым белгилегендей, алар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ЖАКнын өнөр жай потенциалын арттыруу, жаңы өндүрүш аянтчаларын ачуу жагынан заманбап билимдерди жана ыкмаларды берүүгө жана башка ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Түркиядан келген коноктор үчүн ЖАК тарабынан өндүрүлгөн продукциялар, соттолгондорду жумушка орноштуруу, кесиптик билим алуу жана аларды эркиндиктен бошотулгандан кийин коомго реинтеграциялоо максатында аларды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылган видеоролик көрсөтүлдү. Бул багыттагы кызматташуунун натыйжасында кыргыз тарап товарларды өндүрүүнүн, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзө алат.
Өз кезегинде, соттолгондордун эмгегин пайдалануу, өнөр жайлык масштабда түрдүү товарларды чыгаруу, ошондой эле мындай продукцияны эл аралык рынокко чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жаатында эл аралык тажрыйбага ээ болгон коноктор презентация видеороликтерин көрсөтүштү. 88 миң адамды түзгөн түрк түрмөлөрүнүн жашоочулары мал чарба жана текстиль өнөр жайларында эмгектенишет, бут кийим жана идиш-аяктарды чыгарышат, коомдук тамактануу менен алектенишет, ал тургай тарыхый имараттарды калыбына келтиришет… Продукциянын жалпы ассортименти 200дөн ашат.
Биз үчүн бул жолугушуу абдан маанилүү, анткени ал эки өлкөнүн жаза аткаруу кызматтарынын ишин жакшыртууга, коомдо мыйзамдуулукту, тартипти, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого, жаза аткаруу мекемелеринде өндүрүштүк жана экономикалык прогрессти орнотууга, жалпысынан Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук мамилелерди чыңдоо, — деп баса белгиледи Аскат Эгембердиев.
ЖАКдагы жолугушуулардан кийин түрк делегациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жетекчилигинин жана Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын катышуусунда кеңейтилген курамда ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жалпысынан алардын бул жерде болушунун программасы абдан чоң болду. Бирок, тилекке каршы, Түркияда күтүлбөгөн, коркунучтуу кырсык бүткүл графикти бузуп, биздин өнөктөштөр пландаштырылгандардын көбүн көрө алышкан жок. Тактап айтканда, No2, 26, 31, 32 — түзөтүү мекемелеринин өндүрүш участокторун көрүү; ЖАКнын алдындагы «Келечек» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышуу; Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин командачылыгы, Окуу борборунун жетекчилиги, ЖАКнын ооруканасы/поликлиникасы, ТИКА донордук уюму ж.б. менен жолугушууларды өткөрүү.
Сапарын үзгүлтүккө учураткан кесиптештер тез арада мекенине учуп кетишти …
Биз боордош элдин кайгысын тең бөлүшүп Түркиянын тарыхый өнүгүүсүнүн жаңы этабын баштап, урандылардан тез арада арылып кетишине тилектешпиз.