• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстанга келген туристтер Кызыл китепке кирген жаныбарга аңчылык кылып, мактанышты (сүрөт)

30 Тогуздун айы 201915:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга келген туристтер Кызыл китепке кирген жаныбарга аңчылык кылып, аны менен түшкөн сүрөттүн социалдык баракчасына жарыялаган.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал Австралиянын жараны. Ал өзүнүн социалдык баракчасына аркар жана аркардын мүйүзү менен түшкөн сүрөтүн киргизген. Бул жаныбарлар Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Учурда анын социалдык баракчасы иштебей турат.

австралия

Буга чейин кыргызстандыктар «Change.org» сайтында мыйзамдын негизинде жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынсын деген петицияны уюштурушкан болчу.

Мыйзам долбоору боюнча 2020-жылдан тарта Кыргызстандын аймагында айрым жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган. Алар: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз. Тыюу салуу мөөнөтү – 10 жыл же мораторий 2030-жылга чейин созулууга тийиш.

Талкуудан кийин тармактык комитеттин чечими эске алынып, мыйзам долбоору четке кагылган.

австрия
https://static-2.akipress.org/st_runews/.storage/limon3/images/OCTOBER2019/f00cefc222efd6e16a1b6c7ead211c70.jpg

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 160