• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат

30 Жетинин айы 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

1-декабрдан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар 2021-жылдын 1-декабрынан тарта ишке ашырылат. Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек. 

«Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «omicron» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат. Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 165