• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргызстанга кирүү жана чыгуу мүмкүнчүлүгү…

16 Кулжа 202018:01 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 16-июнуна карата Кыргызстанга кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

КРдагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине;

КРнын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине, ошондой эле аталган кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө (алардын келгендиги жөнүндө КР ТИМ аркылуу алдын ала маалымдалганда);

чет мамлекеттердин жарандарына жана Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн расмий кайрылууларынын негизинде жарандыгы жок адамдарга (КР ТИМдин алдын ала маалымдоосу аркылуу);

КРнын ТИМдин чакыруусу боюнча КРга жөнөтүлгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрүнө;

чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймагындагы темир жолдо күндөлүк ишти камсыздашкан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине;

чет өлкөлүк адистер — Кыргыз Республикасынын Эмгек визалары бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар («W1» жана «W2»);

эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулардан, аба кемелеринин экипаждарынан жана учуучу курамынан, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадаларына;

чет элдик адистер – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий кайрылуусу боюнча;

чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан (жакын туугандык байланыштарын – күйөөсү (жубайы), алардын ата-энелери, балдары, чоң ата, чоң энелери экендигин документ менен ырастаган шартта).

Республикалык штаб 2020-жылдын 16-июнуна карата Кыргыз Республикасынан чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын жарандарына карата Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө чектөөлөр жок. Бирок суроолор пайда болгон учурда чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринде кеңеш берүү керек болот.

Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр жок.

2020-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынан визасыз чыгуу режими алар менен визалык мамилелери бар мамлекеттин жарандарына колдонулат.

Кыргыз Республикасына кирүү/чыгуу боюнча бардык суроолорго кеңештер 0312-881618 ыкчам номери аркылуу берилет.

Количество просмотров: 2509