• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жүк келди

16 Жетинин айы 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке Ташкенттен кезектеги гуманитардык жүк келди.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Сурабалдиева өкмөттүн атынан өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешкен күч-аракеттер менен COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө жеңишке жетишээрине ишенимин айтты.

Жүктө бир жолу колдонулуучу мээлей — 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор — 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5 мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң таңгак, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, вирусту аныктоо үчүн тест – 10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу каражаттар – 20 миң даана экени маалымдалды.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын тапшырган жана буга чейин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Количество просмотров: 50