«Кырк чоро» кыймылынын лидерлери жарандык активисттердин Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раим Матраимовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну эмнеге колдобой турганын айтып беришти.
«Биз Раим Матраимовго каршы митингге чыгууну түшүнбөйбүз, себеби биз аны Батыштын оюну деп эсептейбиз. Ал жерде уюштуруучу Ширин Айтматова, кайсы багытта иштеп жатканы көрүнүп турат», — деди Уран Рыскулов.
Анын айтымында «Кырк чоро» бийликтин коррупция менен күрөшүн колдойт, бирок башка бирөөлөрдүн талкууланып жаткан теманын эсебинен оюн жүргүзүүнү колдобойт.
Булак: 24.kg.