Бишкек. 20.08.2019. Govori.TV
18-августта Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө 3 унаа катышкан жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн төрт киши көз жумду. Алар Суусамыр жайлоосундагы боз үйдө 2-3 күн эс алып, Бишкекке бара жатышкан.
1982-жылы туулган Ильяз жана анын 1982-жылы туулган жубайы Наргиза, алардын 4 жаштагы кичүү уулу менен 6-класста окуган улуу баласы каза болду. Үй-бүлөдөн аман калган 6 жаштагы кызы учурда Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында операцияга даярдалып жатат. Каза болгон жакындарыбызды кечээ, 19-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылында жерге берилди.
Кырсык болгон күнү жакын туугандары Жайыл РИИБге арыз жазды. Ошол арыздын негизинде иш козголду. Бирок «Хонда» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Азыркы күнгө чейин табыла элек.
Маркум кичүү уулунун ден-соолугуна байланыштуу үй-бүлөсү менен бирге 4-5 жылдан бери Россияда жашап жаткан.
«Алар жакында эле Россиядан келип, айылда маркум атасынын жылдыгын өткөрүшкөн. Кайра Россияга кетүү үчүн жолго чыгышкан. Ортодон Суусамырдагы боз үйгө 2-3 күн түнөп, балдарын эс алдырып, андан кийин чыгышкан экен», — деди туугандары.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, ушул жылдын 18-августунда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 174-чакырымында 3 унаанын — Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну А.Т. башкарган «Хонда-Торнео» үлгүсүндөгү автоунаа, 1980-жылы туулган А.Ж. башкарган «МАН-Т-40» май ташуучу унаасы жана 1982-жылы туулган А.у.И. башкарган «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Кырсыктын кесепетинен «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, анын 1982-жылы туулган жубайы А.Н., алардын балдары — 2006-жылы туулган А.Р., 2015-жылы туулган А.У. каза болуп, 2011-жылы туулган кызы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.